Эмгек министрлигинин жамааты кан тапшыруу акциясына катышты

 

22-август күнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери Республикалык кан борборунда өткөн кан тапшыруу акциясына активдүү катышышты.

Акциянын максаты – кан куюуга муктаж болгон бейтаптардын өмүрүн сактап калууга көмөктөшүү. Министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери бул маанилүү демилгени колдоп, өз салымдарын кошушту.

Кан тапшыруунун алдында бардык катышуучулар медициналык кароодон өтүштү. Адистер белгилегендей, кан жана анын компоненттерин куюу жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап, оор абалдагы бейтаптардын жашоосун узартууга жана сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

            

Пайдалуу
Ссылкалар