Эмгек министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев Нижняя-Серафимовка социалдык стационардык мекемесин жеке өзү текшерди: даттануулар тастыкталган жок

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев социалдык тармактарда тараган маалыматтарга жооп кылып, Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигине караштуу Б. Салиева атындагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги Нижняя-Серафимовка социалдык стационардык мекемесиндеги жашоо-шарттарды жеке өзү барып текшерди.

Иш сапардын алкагында министр мекеме тургундары менен жолугушуп, алардын кайрылууларын угуп, жашоо шарттарын  баалады. Мекеменин жетекчилигинин маалыматына жанакызмат алуучулардын пикиринде тейлөөнүн сапатына жана шарттарга байланыштуу нааразычылыктар аныкталган жок.

Азыркы учурда мекемеде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат, ушул себептен бардык тургундар убактылуу бир корпуска жайгаштырылган. Убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, кызматтар толук көлөмдө жана кадимки тартипте көрсөтүлүүдө. Ошондой эле тургундар ыктыярдуу негизде эмгек терапиялык иш-чараларга активдүү тартылып, бул алардын социалдык адаптациясына жана активдүү жашоо образын кармоосуна өбөлгө болууда.

Мекеменин администрациясы тургундардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу болуп саналат, ошондуктан кызмат алуучулардын мекеме аймагынан сыртка чыгышы кызматкерлердин көзөмөлү астында жүргүзүлөт.

«Биз социалдык мекемелерди мындан ары да көзөмөлдөөнү жана мониторингди улантабыз. Ар бир жаран оор турмуштук кырдаалга туш болгондо камкордукту сезип, татыктуу кызматтарды алышы үчүн бардык чараларды көрөбүз», — деп белгиледи Канат Сагынбаев.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги улгайган жарандар менен майыпыгы бар адамдардын коопсуздугун, ыңгайлуу жашоосун жана сапаттуу камкордугун камсыз кылуу негизги артыкчылыктуу милдет бойдон кала берерин баса белгилейт. Мындай мекемелерге баруу жана системалуу көзөмөл ар кандай маселелерди өз убагында аныктап, чечүүгө жардам берип, өлкөдөгү бардык социалдык стационардык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн жогорку стандарттарын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Пайдалуу
Ссылкалар