Ошто социалдык көйгөйлөр жана калктын муктаждыктары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ош облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте калктын аймактагы актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Министрликтин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана айыл аймактардын социалдык кызматкерлери катышты.
Жыйында майыптыгы бар адамдардын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын, анын ичинде ата-энелери миграцияда жүргөндөрдүн маселелери, мамлекеттик жөлөкпулдардын дайындалышы жана төлөнүшү, коомдук акы төлөнүүчү иштердин өлчөмүн көбөйтүү зарылдыгы боюнча маселелер көтөрүлдү.
Мындан тышкары, аймактык башкармалыктардын жетекчилери калктын аялуу катмарын тейлеген социалдык кызматкерлердин эмгек акысынын төмөндүгүн өзгөчө белгилешти. Айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери болсо аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электрондук социалдык паспортторду түзүүдө пайда болгон техникалык кыйынчылыктарды айтып өтүштү.
Жыйындын жыйынтыгында аталган маселелер боюнча сунуштар даярдалып, аларды борбордук органдардын жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2026-жылга карата биргелешкен иш-планына киргизүү чечими кабыл алынды.
Пайдалуу
Ссылкалар