Эмгек министринин м.а. Канат Сагынбаев жарандарды алгачкы жолу кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет, министрдин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев жарандарды алгачкы жолу жеке кабыл алды.
Кабыл алууга 5 жаран кайрылды. Алардын көтөргөн маселелеринин катарында майыптыкты дайындоо, турак жай, жер жана мүлк талаштары, ошондой эле стационардык мекеменин жетекчилигинин адилетсиз чечими боюнча даттануулар болду.
Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Айрым маселелер жеке көзөмөлгө алынып, Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан каралып чыгат.

2025-08-29














