Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Эгемендүүлүк күнүнө карата кызматкерлер сыйланды
2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Министрликтин жетекчилиги кызматкерлерди куттуктап, алардын социалдык тармактагы үзүрлүү эмгеги жана элге кылган кызматы мамлекет тарабынан жогору бааланарын белгиледи.
Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Социалдык коргоо департаментинин кызматкери Ч.А. Абылканова «Батыш Салиева атындагы» медалы менен сыйланды.
Мындан сырткары бир катар кызматкерлер Министрликтин «Социалдык коргоо отличниги» төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыктары да тапшырылды. Жогорку кесипкөйлүгү, квалификациясы, кызматтык милдеттерди ак ниети менен аткарганы, демилгелүүлүгү жана активдүүлүгү үчүн министрликтин кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Сыйлыктарыңыздар кут болсун!

2025-08-29














