Эмгек министрлиги: 2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайынкы жөлөк пул киргизилет

 

 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 193 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамына ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулу киргизилип жаткандыгын билдирет. Жөлөк пул бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Бул долбоор менен жөлөкпулдун өлчөмү 3000 сом өлчөмүндө белгиленүү сунушталууда.

Жөлөк пул алуунун негизги шарты болуп үй-бүлөлөрдүн көрсөтүлгөн бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондордо жашашы саналат.

Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат.

Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдады, ал учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына кароого жөнөтүлдү. Эмгек министрлиги үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн бардык аймактарынын тургундарынын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча ишти улантууда.

Пайдалуу
Ссылкалар