«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын август айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 1 –августунан – 1 – сентябрына чейин 7931  телефондон кайрылуу (бир суткада 255 чалуу) түшкөн.

321 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 130 же 40,5 % жаш балдар, ал эми 191 же 59,5% чоң кишилер), анын ичинен 228  кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 65 абонентке психологиялык консультация берилген, 28 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

321 чалуунун ичинен: эркектерден – 57 (17,8%), аялдардан – 134 (41,7%), эркек балдардан – 38 (11,8%), кыздардан – 92 (28,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мааниси төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 73  (балдар 61);

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 54 (балдар 1);

– психологиялык жабырлануу менен – 41 (балдар 27);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 36 (балдар 8);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 24 (балдар 15);

– башка маселелер боюнча – 20 (балдар 9);

– билим берүү системасы жөнүндө – 19 (балдар 0);

– үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 17 (балдар 2);

– суицид жөнүндө – 9 (балдар 3);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 9 (балдар 2);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 8 (балдар 1);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 5 (балдар 0);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 4 (балдар 0);

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 1).

7610 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан –87 (27,1%);

– Чүй облусунан – 29  (9,0%);

– Ош облусунан – 14 (4,4% );

– Жалал-Абад  облусунан – 13 (4,0%);

– Ош шаарынан – 12 (3,8%);

– Нарын облусунан – 9 (2,8%);

– Баткен облусунан – 7 (2,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (1,2%);

– Талас облусунан – 4 (1,2%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 142 (44,2 %).

Пайдалуу
Ссылкалар