«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын 8 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 8 айында 47302 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 194, бир айда 5912 чалуу) түшкөн.

1800 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (755 же 42,0% жаш балдар, ал эми 1045 же 58,0% чоң кишилер), анын ичинен 1294 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 349 абонентке психологиялык консультация берилген, 157 кайрылуу тиешелүү мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1800 чалуунун ичинен эркектерден – 283 (15,7%), аялдардан – 762 (42,3%), эркек балдардан – 209 (11,6%), кыздардан – 546 (30,3%). 

374 (балдар 318) кайрылгандар же 20,8% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара мамилеси жөнүндө суроолор түшкөн.

344 (балдар 16) же 19,1% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган.

Психологиялык жабырлануудан 241 (балдар 169) же 13,4% абонент кайрылган.

172 (балдар 36) абонент же 9,5% жардам сураган.

Билим берүү системасы жөнүндө 120 (балдар 20) же 6,7% абонент чалган.

118 (балдар 67) же 6,6% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгонун кабарлашкан.

Үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 96 (балдар 10) же 5,3 % абонент чалган.

79 (балдар 38) же 4,4% ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон.

64 (балдар 30) же 3,5% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.

43 (балдар 10) же 2,4% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган.

42 (балдар 12) же 2,3% абонент үй – бүлөлүк зомбулук жөнүндө кабарлаган.

34 (балдар 9) же 1,9% кайрылуу балдарга карата кайдыгер мамиле болгону жөнүндө түшкөн.

32 (балдар 1) же 1,8% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон.

21 (балдар 8) абонент же 1,2% мектептеги рэкет жөнүндө билдирген.

20 (балдар 11) же 1,1% суицид жөнүндө чалган.

45502 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 446 (24,8%);

– Чүй облусунан – 171 (9,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 98 (5,4%);

– Ош шаарынан – 77 (4,3%);

– Ош облусунан – 77 (4,3%);

– Ысык-Көл облусунан – 63 (3,5%);

– Баткен облусунан – 40 (2,2%);

– Нарын облусунан – 39 (2,2%);

– Талас облусунан – 23 (1,3%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 766 (42,5%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын маанисине жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.

157 кабарланган билдирүүнүн ичинен 129 (82,2%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү, 27 (17,2%) – ички иштер органдарына, ӨКМнин 112 кызматына – 1 (0,6%) жөнөтүлгөн.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.

Биргеликте жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү. 

157 кабарланган билдирүүнүн ичинен:

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 6 факты аныкталган, 2 бала үй – бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган; 4 үй – бүлө РШЭСКМБ тарабынан каттоого алынып, кызматкерлер тарабынан баланын ден соолугу, балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата – эненин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн), 6 факты аныкталган эмес, 4 каралууда;

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери 48 үй – бүлөнүн жашаган жерине барып, изилдеп чыгышкан (1 өспүрүм кызга жана 1 аялга коргоо ордери берилген; 6 үй – бүлөнү текшерүүгө мүмкүн болгон эмес, себеби алар туура эмес даректи берген, ээси башка жакка көчүп кеткен; 1 аял үйүнүн эшигин ачпай койгон, бирок баласы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 1 факты боюнча жаш өспүрүм кызды мектеп окуучуларынын алдында кемсинткендиги тууралуу үй – бүлө жана мугалимдер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 6 үй – бүлөнүн балдары канааттандырарлык шартта жашайт экен, ошентсе да үй – бүлө чоң мүчөлөрү менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 3 жаш өспүрүм балдар убактылуу борборго жайгаштырылган; 6 үй – бүлө РШЭСКМБ тарабынан каттого алынган; 1 факты боюнча балдарды атасы менен жолугуп, көрүшүп турганга аял күйөөсү келишимге келишкен; 1 абонентке азык түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөн; 1 кайрылуу боюнча аялга тез жардам чакырылып, баласы убактылуу балдар ооруканасына жаткырылган; үйүнөн качып кеткен 1 кыз РИИБна жеткирилип, ата – энесине берилген; жоголгон кыздар тууралуу 3 факты анык болгон эмес, себеби алар ата – энесине кайтып келишкен; балдары менен жолугушууга жана сүйлөшүүгө тыюу салуу боюнча 1 факты анык болгон, себеби аялдын ата – энелик укугунан ажыратылгандыгы тастыкталган; 1 факты боюнча чоң энесинин колунда жашаган балдардын абалы Балдар иштери боюнча комиссияда каралып, энесин ата – энелик укугунан ажыратуу үчүн ишти сотко өткөрүп берүү чечими чыгарылган; үй – бүлөнү жана балдарды текшерүүнүн жүрүшүндө балдарга карата ырайымсыз жана кайдыгерлик мамиле тууралуу 1 факты аныкталып – 2 бала алынып, убактылуу ИТБМ жайгаштырылган; 3 кайырчылык кылуу фактысы боюнча 3 аялдын жеке өзүлөрү жана балдары менен алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протокол түзүлгөн; кайырчылык кылуу 5 факты аныкталган эмес, себеби РИИБнын кызматкерлери барганда, балдары менен аялдар көрсөтүлгөн даректе болгон эмес; 2 кайрылуу боюнча иш РИИБда каралууда), 20 факты аныкталган эмес, 17 кайрылуу каралууда;

үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча РИИБнын кызматкерлери үй – бүлө менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн; 1 факты аныкталган эмес;

жардам берүү жөнүндө: 1 кайрылуу боюнча жаш өспүрүм кыз табылып, апасына берилген; өрт тууралуу 1 факты билдирүү тастыкталып, окуя болгон жерге ӨКМ кызматкерлери тарабынан өрт өчүрүү кызматы жөнөтүлгөн; 1 абоненттин суранычы менен көрсөтүлгөн жерге РИИБнын патрулдук-пост кызматы жөнөтүлгөн; 1 каралууда;

мектептеги рэкет жөнүндө: 2 факты аныкталган, РИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорку класстын окуучулары жана ата – энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар каттоого алынган.

2025 – жылдын 8 айында (1800 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2024 – жылдын 8 айына (1326 чалуу) салыштырмалуу 35,7% көбөйгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар