Эмгек министрлиги жеке ассистенттер үчүн жаңыланган эрежелерди сунуштады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдарга жана чоңдорго дайыма кам көрүүгө жана көзөмөлгө муктаж болгон адамдар үчүн жеке ассистент кызматтарынын акысы боюнча маселелерди жөнгө салган 2018-жылдын 23-ноябрындагы №556 Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.
Өзгөртүүлөр 2025-жылдын 8-августунда кабыл алынган « Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө » жаңы Мыйзамдын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексине шайкеш келтирүү жана жеке ассистент кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында даярдалды.
Долбоордун негизги жоболору:
- «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам» терминин «майыптыгы бар адам» терминине алмаштыруу;
- Аймактык бөлүмдөр жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгынын негизинде, бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыкты аныктоого кошумча контролдун киргизилиши, зарыл болгон учурда майыптыгы бар баланын жана/же адамдардын тизмелерин Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна муктаждыкты кайрадан аныктоо үчүн кошумча укук берилет;
- жеке ассистент кызматын алуу укугу 3 жаштан жогору майыптыгы бар балдарга да берүү;
- жеке ассистент майыптыгы бар балага жана\же адамга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө тоскоол болбогон учурда кошумча иштер менен алектенүүгө, ишкердик кылууга укуктуулугу жөнүндө норма кошулду
Эмгек министрлиги белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртууга жана алардын укуктарын өлкөдө чыңдоого багытталган.














