Япониянын Элчилиги Покровкадагы социалдык стационардык мекеменисинин кызмат алуучуларынын шарттарын жакшыртууга колдоо көрсөттү
2023-жылдын 18-январында Япониянын Кыргызстандагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигине караштуу Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин ортосунда кол коюлган гранттык контракттын негизинде «Покровкадагы ССМнин жашоо жана медициналык тейлөөнүн шарттарын жакшыртуу» долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталды. Долбоор «Чөптөрдүн тамыры жана адамдын коопсуздугу» программасынын алкагында ишке ашырылды.
Долбоордун алкагында мекеме керектүү жабдуулар менен камсыздалды: кир жуугуч машина, камыр жуучу аппарат, нан бышыруучу меш, кыска толкундуу терапия аппараты, стоматологиялык жабдуулар жана медициналык кызмат унаасы.
Жабдууларды расмий тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси мырза Года Хидэки, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.















