Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышышты
2025-жылдын 20-сентябрында борбор калаада мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана шаар тургундарын бириктирген жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери министр Канат Сагынбаевдин жетекчилиги алдында иш-чарага активдүү катышышты. Тазалоо жана көрктөндүрүү иштери үчүн Махатма Ганди көчөсүндө, Баялинов көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан Жаштар паркы бекитилип берилди.
Ишембиликтин жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери парктын аймагын таштандылардан тазалап, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.

2025-09-20














