Кыргызстанда «Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук» айлыгы өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин өтүүчү “Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук” ураанында бир айлык өтүп жаткандыгын маалымдайт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун алкагында өткөрүлүп, улуу муундун жашоо сапатын жогорулатууга, улгайган жарандардын кадыр-баркын сыйлоо жана камкордук салтын бекемдөөгө, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн социалдык коргоо маселелерине бурууга багытталган.
Бир айлыктын алкагында өлкө боюнча социалдык, медициналык, укуктук иш-чаралар, маданий-агартуу жолугушуулары, өз ара жардам көрсөтүү акциялары, кайрымдуулук демилгелери өткөрүлөт.
Министрлик бардык жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-структураларды бул иш-чарага активдүү катышууга жана улгайган жарандарга болгон көңүл буруу менен камкордукту айлык маалында гана эмес, күн сайын көрсөтүүгө чакырат.















