Эмгек министри жана БУУнун координатору социалдык коргоо тармагындагы кызматташууну талкуулады
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана мындан аркы өнүгүү перспективаларын талкуулашты. Айрыкча Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү боюнча биргелешкен аракеттерге көңүл бурулду — жакырчылыкты азайтуу, татыктуу жумуш менен камсыз кылуу, жыныстык теңдик, социалдык коргоо жана калктын аялуу катмарларын колдоо багыттарында.
Канат Сагынбаев министрлик жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга, аялдарды, жаштарды жана балдарды колдоого, ошондой эле үй-бүлө институтун чыңдоого жана балдардын укуктарын коргоого багытталган программаларды ишке ашырып жатканын белгиледи. Ошондой эле калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган жаңы социалдык долбоорлор иштелип жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде Антье Граве Эмгек министрлиги Кыргызстан өкмөтү менен иштөөдө БУУнун негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Ал кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө жана өлкөнүн социалдык өнүгүүсүнө, ошондой эле «эч кимди четте калтырбоо» принциптерин ишке ашырууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

2025-09-24














