Бишкекте Карылар күнүнө арналган кайрымдуулук жарманкеси өтөт
Бишкек шаарында 1-октябрда улгайган жарандардын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртууга арналган кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Жармаңкеге өлкөнүн бардык аймактарынан 40ка жакын өзүн-өзү тейлөө топтору, улуу муундун өкүлдөрү катышып, жүн жана кийизден жасалган буюмдарды, кол өнөрчүлүк сувенирлерин сунушташат.
Иш-чаранын программасында лотереялар, мастер-класстар, бий флешмобу жана Бишкектеги артисттердин жана чыгармачыл топтордун концерти каралган.
Жарманкенин уюштуруучулары – эл аралык геронтологиялык AgeNet International тармагы Эмгек министрлиги менен биргеликте жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен.
Башталышы – саат 10:00дө, Эркиндик бульварында, Пушкин көчөсү менен кесилишкен жерде (Курманжан датканын эстелигинин жанында). Кирүү акысыз.















