Бишкекте “Бош жумуш орундар жана карьера жарманкеси” өтөт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы “Инновациялык технологиялардын жана билим борбору” КФ менен биргеликте 2025-жылдын 2-октябрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук сүрөт өнөр музейинде “Бош жумуш орундар жана карьералар жарманкесин” өткөрөт.
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаарынын Мэриясы, Кыргыз Республикасындагы DVV International каржылык колдоосу менен “Инновациялык технологиялар жана билим борбору” коомдук фонду.
Иш-чаранын максаты: Жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү, жумушсуз жарандардын жана жаштардын окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эмгек рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатындагы кызматтар тууралуу маалымат берүү.
“Бош жумуш орундар жана карьералар жарманкесинде” 100дөн ашуун алдыңкы жумуш берүүчү компаниялар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле Бишкек шаары боюнча 5миңге чукул бош жумуш орундары сунушталат. ошондой эле окутуу провайдерлери борбордун жашоочуларына жана конокторуна өздөрүнүн окуу программаларын сунушташат.
Мындан тышкары, жаштарга жана мектептин бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин жана жөндөмдүүлүгүн аныктоого жардам берүү максатында кесиптик багыт берүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт.
Белгилей кетчү нерсе, “Бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси” Бишкекте гана эмес, Кыргыз Республикасынын бардык райондорунда уюштурулат, бул жарандарды максималдуу камтууга жана алар үчүн жумушка орношууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.
Бишкекте өткөн күнү жана убактысы: 2-октябрь 2025-жыл
Расмий ачылышы саат 11:00дө. Байланыш телефондор: (0312) 65-16-87; 0755 145414














