Министр Канат Сагынбаев жеке өзү үй-бүлөлүк медицина борборуна жана МСЭКке текшерүү жүргүздү

 

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) иши менен таанышуу максатында, ошондой эле Комиссиянын ишине жарандардан келип түшкөн даттанууларга байланыштуу жана майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында Канат Сагынбаев үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана МСЭКке текшерүү менен барды.

Сапардын жүрүшүндө министр Өкмөттүн акселераторунун 100 күндүк программасынын алкагында автоматташтырылган майыптыкты белгилөөнү санариптештирүү процесси менен таанышты. Ал майыптыгы бар жарандын поликлиникага баруудан тартып МСЭКтин комиссиясынан өтүүгө чейинки бардык жолун байкады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дарыгерлердин жана комиссиянын ишинде санариптик кызматтарга байланыштуу бир катар кемчиликтер аныкталды. Канат Сагынбаев бул маселелерди чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тыгыз кызматташуусу зарыл экенин белгиледи.

МСЭК жетекчисине аныкталган мүчүлүштүктөрдү бир айдын ичинде жоюу милдети коюлду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Канат Сагынбаев МСЭК системасында дагы коррупцияга каршы чараларды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Анткени ар кандай жеке кызыкчылыктарга багытталган аракеттерге жол берилбейт жана алар майыптуулугу бар  жарандардын укуктарына олуттуу зыян алып келет.

Пайдалуу
Ссылкалар