Эмгек министри Канатбек Сагынбаев АКШнын элчиси менен адам сатууга каршы аракеттенүү жаатында кызматташууну талкуулады

2025-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канатбек Сагынбаев Кыргызстандагы Америка Кошмо Штаттарынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адам сатууга каршы күрөшүү жана калктын аялуу катмарларын коргоо боюнча кызматташтык маселелерин, ошондой эле бул багыттагы биргелешкен аракеттерди күчөтүү жолдорун талкуулашты. Өзгөчө көңүл Сириядагы куралдуу жаңжал аймактарынан кайтарылган кыргызстандык аялдар менен балдарды реинтеграциялоо жана репатриациялоо маселелерине бурулду.

Канатбек Сагынбаев эл аралык уюмдар жана АКШ Өкмөтү менен өнөктөштүктүн адам укуктарын коргоо, ошондой эле экстремисттик топтордун таасирине кабылгандардын арасында болгон аялдар менен балдарга социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Лесли Вигери АКШ тарап Кыргызстанга адам сатууга каршы күрөшүү жана кайтарылган жарандарды социалдык реабилитациялоо боюнча программаларды ишке ашырууда мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну бекемдөө жана адам укуктарын коргоого, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү боюнча өз ара ниеттерин тастыкташты.

Пайдалуу
Ссылкалар