«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын сентябрь айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын сентябрь айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 1 – сентябрынан – 1 – октябрына чейин 6569 телефондон кайрылуу (бир суткада 218 чалуу) түшкөн.
295 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 114 же 38,6 % жаш балдар, ал эми 181 же 61,4% чоң кишилер), анын ичинен 204 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 72 абонентке психологиялык консультация берилген, 19 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
295 чалуунун ичинен: эркектерден – 43 (14,6%), аялдардан – 138 (46,8%), эркек балдардан – 36 (12,2%), кыздардан – 78 (26,4%).
Кайрылуулардын түрү жана мааниси төмөнкүдөй:
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 71 (балдар 52);
– психологиялык жабырлануу менен – 46 (балдар 31);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 46 (балдар 4);
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 34 (балдар 0);
– үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 19 (балдар 2);
– башка маселелер боюнча – 19 (балдар 11);
– билим берүү системасы жөнүндө – 16 (балдар 0);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 15 (балдар 8);
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 8 (балдар 0);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 7 (балдар 0);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 4 (балдар 1);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 4 (балдар 0);
– суицид жөнүндө – 2 (балдар 2);
– мектептеги рэкет жөнүндө – 2 (балдар 2);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 2 (балдар 1).
6274 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан –72 (24,4%);
– Чүй облусунан – 29 (9,8%);
– Жалал-Абад облусунан – 13 (4,4%);
– Ош шаарынан – 11 (3,7%);
– Ош облусунан – 9 (3,1% );
– Ысык-Көл облусунан – 7 (2,4%);
– Нарын облусунан – 5 (1,7%);
– Талас облусунан – 4 ( 1,4%);
– Баткен облусунан – 3 (1,0%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 142 (48,1 %).














