Эмгек министрлиги балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдарга карата зомбулукту алдын алуу жана бул багытта коомдук жоопкерчиликти жогорулатуу маселелерине арналган жыйын өткөрүлдү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева онлайн форматта сөз сүйлөп, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу — бул мамлекеттин, коомдун жана ар бир үй-бүлөнүн биргелешкен жоопкерчилиги экенин белгиледи.
«Зомбулуктун алдын алуу — ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир бала сүйүүгө, камкордукка жана коргоого татыктуу. Балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн баарыбыз колубуздан келген бардык аракетти көрүшүбүз керек», — деди министрдин орун басары.
Жыйындын жүрүшүндө балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле кылууга каршы аракеттер талкууланып, зомбулуктун түрлөрү — психологиялык, физикалык, экономикалык жана сексуалдык зомбулук боюнча маселелер каралды. Өзгөчө көңүл өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алууга, балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрө түзүүгө, үй-бүлөдө зомбулуксуз тарбия берүү жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле баланын пикирин эске алууга бурулду.
Мындан тышкары, аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын балдарга карата зомбулук фактылары боюнча көрүп жаткан иш-чаралары талкууланды. Региондордон келген жетекчилер бул багыттагы иштер системалуу жүргүзүлүп жатканын, пландуу иш-чаралар ишке ашырылып, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жеринде өткөрүлүп жатканын белгилешти.
Ошондой эле жыйында үй-бүлөдөгү зомбулуктун деңгээлине таасир этүүчү социалдык-экономикалык факторлор жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды.
Жыйындын соңунда ата-энелер балдардын жоопкерчилигин жана билимин жогорулатуу, балдардын социалдык адаптациясын камсыз кылуу жана алардын тарбияланышы үчүн коопсуз, жагымдуу чөйрө түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.















