Эмгек министрлиги өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилөөнү баштады

 

2025-жыл, 14-октябрь, Бишкек.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Юбилейдин башталышы министр К.Л.Сагынбаевдин ведомствонун бардык кызматкерлеринин спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы менен белгиленди.

Катышуучуларга жана конокторго министр Канат Сагынбаев куттуктоо сөзү менен кайрылып: «1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин эле Революциялык комитет тарабынан 3-декабрда Эмгек бөлүмү, ал эми 1925-жылы 6-февралда облустук Социалдык камсыздоо бөлүмү түзүлгөн. Ошентип, бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына арналган майрамды баштайбыз.

Эгерде 100 жыл мурун министрликтин башында болгону 58 кызматкер иштесе, бүгүнкү күндө бул 77 аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү камтыган 5000ден ашык адам иштеген система. Бул биздин мамлекеттин өнүгүшүн, өлкөдө социалдык камсыздоо системасынын кеңейишин жана бийликтин Кыргызстандын жарандарына кам көрүү масштабын көрсөтөт. Биздин Министрлик кыйын, бирок татыктуу жолду басып өттү. Бүгүнкү күндө ал элдин ишенимине ээ болгон жана ар бир жарандын социалдык адилеттүүлүгүн, колдоосун жана корголушун камсыз кылган мамлекеттик орган болуп саналат. Биздин тармактын негизги баалуулуктары – эмгекти урматтоо, адамдарга боор ооруу жана коомго кызмат кылуу сезими муундан муунга өтүп келет. Спартакиада – бул жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул биримдиктин, күчтүн жана командалык рухтун символу.

Спартакиада — бул жөн гана спорттук мелдеш эмес. Бул биримдиктин, күчтүн жана команда духунун символу. Бул жарыштар бизди жаңы ийгиликтерге шыктандырсын жана ынтымагыбызды чыңдасын», — деп белгиледи Канат Сагынбаев.

Спартакиаданын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев жана мурдагы эмгек министри Айгүл Рыскулова да куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Спартакиаданын программасына жеңил атлетика, волейбол, мини-футбол, шахмат жана аркан тартыш боюнча мелдештер кирди.
Иш-чара эки күн — 14–15-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Алга” стадионунда өтөт.

  v

Пайдалуу
Ссылкалар