Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдык мааракесине арналган спартакиада жыйынтыкталды

 

2025-жылдын 14–15-октябрында «Алга» стадионунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдык мааракесине арналган спартакиада болуп өттү. Спорттук мелдешке министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери өлкөнүн бардык региондорунан катышышты.

Эки күндүк мелдештерде катышуучулар футбол, волейбол, шахмат, аркан тартмай жана чуркоо сыяктуу түрлөр боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар, акчалай сыйлыктар жана эстелик белектер менен сыйланышты.

Спартакиада министрликтин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын ичинен эң жаркындарынын бири болуп калды. Юбилейлик салтанат 2025-жылдын 16-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленет.

Жеңүүчүлөр төмөнкүчө аныкталды:

Эркектер арасындагы чуркоо:
1-орун — Жалал-Абад облусу
2-орун — Талас облусу
3-орун — Ысык-Көл облусу

Аялдар арасындагы чуркоо:
1-орун — Талас облусу
2-орун — Ысык-Көл облусу
3-орун — Жалал-Абад облусу

Аркан тартуу (эркектер арасында):
1-орун — Нарын облусу
2-орун — Талас облусу
3-орун — Ош облусу

Аркан тартуу (аялдар арасында):
1-орун — Жалал-Абад облусу
2-орун — Талас облусу
3-орун — Ош облусу

Шахмат:
1-орун — Нарын облусу
2-орун — Ведомстволук бөлүмдөр
3-орун — Борбордук аппарат

Футбол:
1-орун — Нарын облусу
2-орун — Ош облусу
3-орун — Талас облусу

Волейбол (аялдар арасында):
1-орун — Жалал-Абад облусу
2-орун — Талас облусу
3-орун — Баткен облусу

Волейбол (эркектер арасында):
1-орун — Жалал-Абад облусу
2-орун — Ош облусу
3-орун — Борбордук аппарат.

Пайдалуу
Ссылкалар