Эмгек министрлиги “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” окутуу өткөрүлдү
Көз карандысыз Кыргыз Республикасын жакынкы жылдарда өнүккөн, күчтүү, дүйнөлүк бийиктиктерге жеткен мамлекетке айландыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары – Ализа Солтонбекованын жетекчилиги алдында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында окутуу өткөрүлдү.
Ализа Солтонбекова өз сөзүндө, уңгужолу кыргыз элинин балуулуктарын бийик тутуп, улуттук демибиз менен өнүгүүнүн жолуна түшүүгө багыт берээрин баса белгилеп кетти. Мындан тышкары, мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда, ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин эске алуу зарылчылыгын билдирди.
Атайын Министрликтин кызматкерлери үчүн уюштурулган окутууга белгилүү тарыхчы, “Мурас” коомдук-илимий фондунун төрагасы, профессор – Кыяс Молдокасымов чакырылган. Ал Уңгужолдун негизги багыттарына токтолуп, кыргыз эли – жеке өзүнө таандык тарыхый тагдыры бар, миңдеген жылдар бою өз аталышын, мамлекеттүүлүк салтын жоготпой сактап келген, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган, кайталангыс эл экендигин белгиледи.
Уңгужолдун негизги максаты – мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болуп эсептелет.















