CAREC 2025 Аялдардын бизнес-форуму: «Жашыл инновациялар жана гендердик теңчилик үчүн бирге» Бишкекте болуп өттү
2025-жылдын 21-октябрында Бишкек шаарында «Жашыл инновациялар жана гендердик теңчилик үчүн бирге» деген ураан алдында Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык программасынын (CAREC) алкагындагы Аялдардын бизнес-форуму болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен иш-чарага министрдин орун басары Айнура Орозбаева катышты.
Форумдун жүрүшүндө CAREC аймагындагы өлкөлөрдүн аял ишкерлеринин жана аялдар коомдорунун тарабынан иштелип чыккан инновациялык экологиялык чечимдер сунушталды. Катышуучулар жашыл экономика тармагындагы долбоорлорун, аялдардын ишкердик демилгелерин колдоону жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын ролун чыңдоого багытталган аракеттерин тааныштырды.
Кечинде форумдун алкагында «CAREC 2025 – Гендер жана жашыл инновациялар» аттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана климаттык туруктуулукту чыңдоого салым кошкон аялдар жана уюмдар сыйланды.
CAREC программасы он өлкөнү – Азербайжан, Кытай, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды – бириктирип, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана инклюзивдүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн маанилүү платформа болуп саналат.
Сыйлык тапшыруу аземи жашыл технологиялардын жана инновациялардын туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө канчалык маанилүү экенин белгилеп өттү.
Форум жана сыйлык тапшыруу аземи CARECке мүчө бардык өлкөлөрдөн келген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ишкердик чөйрөнүн, илимий коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрүн – жалпысынан 100гө жакын катышуучуну бириктирди. Катышуучулар гендердик теңчилик, жашыл трансформация жана климаттык туруктуулук жаатындагы идеялар, тажрыйбалар жана жаңы ыкмалар менен бөлүшүштү.















