Балыкчы шаарында Эмгек министрлигинин кызматкерлери балдарды коргоо маселелери боюнча жыйын өткөрүштү
Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана балдар иштери боюнча комиссиянын (БИК) мүчөлөрү менен биргеликте иш жыйынын өткөрүштү.
Жыйында балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле балдардын коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн өз ара кызматташуусу талкууланды.
Өзгөчө көңүл эрте этапта зомбулуктун белгилерин аныктоого, социалдык кызматкерлер менен балдарды коргоо адистеринин ролун күчөтүүгө жана жабыркаган балдарга өз убагында психологиялык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
• Балыкчы шаарынын мэриясы зомбулукка кабылган жана турмуштук оор абалда турган балдарга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн убактылуу психологдорду тартат;
• тиешелүү түзүмдөрдө балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө туруктуу психологиялык колдоо көрсөтүү максатында психологдун штаттык бирдигин киргизүү маселесин карап чыгуу;
• балдарга карата зомбулуктун жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык техникалык топ түзүү;
• балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында маалымат алмашуу жана ведомстволор аралык кызматташууну улантуу.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ведомстволор аралык кызматташууну чыңдоо, балдарды коргоо кызматтарынын тармагын өнүктүрүү жана зомбулуктун алдын алуу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча системалуу ишти улантат.

2025-10-24














