Эмгек министри Канат Сагынбаев жарандарды кабыл алды
24-октябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жарандардын жеке кабыл алуусун өткөрдү. Кабыл алууда министрге жарандар ар кандай социалдык маселелер менен кайрылышты. Алардын арасында — ДЦП диагнозу коюлган небересине жеке ассистент дайындоо жана социалдык төлөм көрсөтүү, Жайыл психоневрологиялык стационардык мекемесинин кызматкерлерин кызматтык турак жай менен камсыз кылуу, Төмөнкү Серафимовка айылындагы кызматтык батирлерди менчиктештирүү жана жумушка орношуу маселелери болду.
Ар бир кайрылуу каралып, бир катар маселелер боюнча министр тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө аларды ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар берди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды үзгүлтүксүз кабыл алуу практикасын улантып, элге даректүү колдоо көрсөтүү жана калктын актуалдуу социалдык көйгөйлөрүн чечүү багытында иш алып барууда.

2025-10-24














