Эмгек министри ЭМУнун өкүлү менен жолугушту
Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Бермет Молдобаева менен жолугушту.
Жолугушуу сылык мамиленин негизинде өтүп, анда тараптар Министрлик менен ЭМУнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ички жана тышкы миграция маселелери, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүү жолдору каралды.
Министр Сагынбаев ЭМУнун миграциялык саясат жаатындагы мамлекеттик демилгелерди колдоодогу маанилүү ролун белгилеп, Кыргызстан жарандарынын – өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да – кызыкчылыгы үчүн өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Бермет Молдобаева кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, ЭМУ Министрликтин эффективдүү, коопсуз жана гумандуу миграциялык саясатты өнүктүрүү аракеттерин мындан ары да колдоого даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну артыкчылыктуу багыттар боюнча кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдиришти.















