Эмгек министри К. Сагынбаев Беловодскийдеги балдардын социалдык стационардык мекемесинде текшерүү өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Чүй облусундагы социалдык стационардык мекемелерди текшерүү алкагында Беловодскийдеги балдардын социалдык стационардык мекемесине барды.

Бул сапар мекеменин мурдагы кызматкеринин арызынын негизинде түзүлгөн комиссиянын иши жыйынтыкталгандан кийин уюштурулду. Комиссиянын кабинеттик анализинин жана Эмгек министринин жеке текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталган жок.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр К. Л. Сагынбаев балдардын жашоо шарттары менен таанышып, эмгек жамааты менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда кызматкерлер социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө бул сунуштарды иштеп чыгып, так план сунуштоо тапшырмасы берилди. Ага балдар жана чоңдор үчүн арналган стационардык мекемелердин жайгашуусун оптималдаштыруу, дары-дармек менен камсыздоонун каржылоо нормаларын кайра кароо чаралары кирет. Министр өзгөчө көңүлдү аутизм менен ооруган жарандарды изилдөө жана кам көрүү багытындагы иштерге буруп, тиешелүү билим берүү тренингдерин өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды.

Мекеменин жетекчилигинин демөөрчүлөрдүн жардамы менен артезиандык кудук жана суу алуу жайын куруу аркылуу мекемени автономдуу суу менен камсыздоо демилгеси министр тарабынан жогору бааланды.

Пайдалуу
Ссылкалар