Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу КМШнын Консультативдик кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү
Бүгүн, 2025-жылдын 30-октябры күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо маселелери боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин 38-жыйынында видеоформатта өткөн Консультативдик кеңештин отурумунда сөз сүйлөдү.
Консультативдик кеңештин ишине КМШга мүчө мамлекеттердин эмгек жана социалдык ведомстволорунун өкүлдөрү, КМШнын Аткаруу комитетинин жана тиешелүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо тармактарындагы кызматташуусунун актуалдуу маселелери, социалдык программаларды ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, эмгек шарттарын жакшыртуу жана калктын аяр катмарына колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.
Жыйында сүйлөп жатып, министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу татыктуу эмгекти илгерилетүү, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо жана калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты андан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы эмгек рыногун өнүктүрүү, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана социалдык колдоонун заманбап механизмдерин, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуу менен ишке ашыруу боюнча комплекстүү чараларды улантып жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында катышуучулар алдыӊкы тажрыйбалар менен алмашууну жана Консультативдик кеңештин алкагында биргелешкен демилгелерди координациялоону улантуу тууралуу макулдашышты.















