Эмгек министри Кыргызстандагы “БУУ-Аялдар” структурасынын жетекчиси менен жолугушту

 

Бүгүн, 2025-жылдын 31-октябрында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы –“ БУУ- Аялдар ” структурасынын жетекчиси Сайед Садик менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гендердик теңчиликти камсыз кылуу, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле гендердик саясаттын принциптерин улуттук программаларга жана стратегияларга интеграциялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты

Министр Канат Сагынбаев аялдардын укуктарын коргоо, дискриминацияга жана ар кандай түрдөгү зомбулукка каршы күрөшүү, ошондой эле аялдардын бардык деңгээлдеги чечим кабыл алуу процессине катышуусуна өзгөчө көңүл бурууларын баса белгиледи.

Министр Президент С.Н.Жапаровдун “зомбулукка нөлдүк чыдамдуулук” саясатын жарыялоосу гендердик зомбулуктун бардык түрлөрү менен күрөшүүдө кошумча түрткү болуп, министрликтин приоритеттүү милдеттеринин бири болуп саналарын өзүнчө белгиледи.

Кызматташтыкты мындан ары бекемдөө максатында министр социалдык коргоо органдарынын, укук коргоо жана медициналык кызматтардын адистеринин гендердик сезимтал мамиле жана зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча социалдык коргоо органдарынын, укук коргоо жана медициналык кызматтардын адистеринин квалификациясын жогорулатууга, маалыматтык-агартуу кампанияларын өткөрүүгө, ошондой эле аялдардын экономикалык көз карандысыздыгын колдоого жана лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде майыптуулугу бар аялдарды колдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Министр ошондой эле зомбулук учурларынын алдын алуу жана аларга жооп кайтаруу боюнча натыйжалуу системаны камсыз кылуу үчүн бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын жана социалдык кызматтардын макулдашылган аракеттеринин жана тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Эмгек министрлиги бул жаатта координациялоочу ролду ойнойт жана даярдайт. Иш-чарада үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын алдын алуу жана аларга жооп кайтаруу боюнча натыйжалуулукту жогорулатууга, учурдагы кырдаалды баалоо, зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууга жана аялдар менен балдарды коргоо боюнча мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө багытталган мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын жана социалдык кызматтардын биргелешкен аракеттери талкууланат деп пландаштырылууда.

Сайед Садик өз кезегинде конструктивдүү кызматташтык үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал кол коюлган меморандумдун алкагында негизги артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен иштин так аныкталышы маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо багытында өнөктөштүктү жана аракеттерди координациялоону мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Пайдалуу
Ссылкалар