Квота жөнүндө эскертүү: жумуш берүүчүлөр майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштурууга тийиш

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык органдарга майыптуулугу бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча мыйзамдарды так сактоонун зарылдыгын эскертет.

Эмгек кодексинин 155-беренесине ылайык, кызматкерлердин саны 25 жана андан көп болгон уюмдар майыптуулугу бар адамдар үчүн жумуш орундарын камсыздоого милдеттүү — жалпы кызматкерлердин санынын кеминде 4%ы болушу шарт.  Муну менен катар бул нормага ылайык, толук эмес иш убактысы шарттарында да жумушка кабыл алуу мүмкүн деп эсептелет. Кызматкерлердин саны азыраак болгон уюмдар үчүн төмөнкүдөй так нормалар белгиленген:
• 25–49 кызматкер — кеминде 1 жумуш орду;
• 50–74 — кызматкерге 2 жумуш орду, алардын жок дегенде 1и I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
• 75–99 — кеминде 3 жумуш орду, алардын жок дегенде 1и I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
• 100–124 — кеминде 4 жумуш орду, алардын жок дегенде 2си I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
• 125–149 — кеминде 5 жумуш орду, алардын жок дегенде 3ү I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
• 150–174 — кеминде 6 жумуш орду, алардын жок дегенде 3ү I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
• 175–199 — кеминде 7 жумуш орду, алардын жок дегенде 4ү I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
• 200 жана андан көп кызматкер — ушул эле тартипте.

Иш берүүчүлөр майыптуулугу барадамдар үчүн жумуш орундарын ылайыкташтырууну (имараттардын жеткиликтүүлүгү, атайын техникалык каражаттар менен жабдуу, кызматкерлерди окутуу жана башка чаралар) жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүнү камсыз кылууга тийиш.

Квоталарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралган: жеке жактар үчүн — 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн — 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдар милдеттүү:
• майыптуулугу бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо талаптарын аткарууга;
• бош жумуш орундарын ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында маалымдоого;
• квоталанган жумуш орундарын толтуруу жана алардын ылайыкташтырылышы боюнча квартал сайын маалымат берүүгө;
• эмгекке орноштуруу тартибин жана жумуш орундарын ылайыкташтырууну камсыз кылууга.

Пайдалуу
Ссылкалар