КРнын Эмгек министри жана Катар Мамлекетинин Үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министри кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

 

Доха шаарында (Катар Мамлекети) өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Латипжанович Сагынбаев менен Катар Мамлекетинин Үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министри  Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайминин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар социалдык-эмгек тармагындагы өз ара кызыкчылык жараткан кеңири маселелерди талкуулашты. Алардын ичинде социалдык коргоо механизмдерин өнүктүрүү, калктын аяр катмарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле коомдун негизги институту катары үй-бүлөнүн ролун бекемдөө маселелери болду.

Министр Канат Сагынбаев катарлык тарапка жылуу кабыл алуу жана жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы Катар Мамлекети менен гуманитардык жана социалдык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.

Тараптар социалдык саясат, социалдык кызматтарды санариптештирүү, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо, ошондой эле майыптуулугу бар жарандарды реабилитациялоо жана кесиптик окутуу багытында тажрыйба алмашуу үчүн чоң потенциал бар экенин белгилешти.

Айрыкча аялдар менен балдарды социалдык жактан коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана жаштардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Сагынбаев эки министрлик ортосундагы институционалдык байланыштарды жолго коюуга кызыкдар экенин билдирип, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министрлигинин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди. Бул документ социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча системдүү жана туруктуу кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөк.

Өз кезегинде Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайми катарлык тараптын өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого даяр экенин белгилеп, мыкты тажрыйбаларды алмашуу жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар элдин социалдык укуктарын коргоого жана жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин белгилешти.

 

Пайдалуу
Ссылкалар