Эмгек министри К.Сагынбаев: «Адилеттүү өтүү – бул климаттын өзгөрүшүнө байланышкан процесстерде эмгекчилерди коргоону камсыздоого тийиш»

 


2025-жылдын 5-ноябры, Доха шаары (Катар Мамлекети).

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Латипжанович Сагынбаев Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагындагы «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу инклюзивдүү социалдык өнүгүү үчүн адамдык өнүгүү принциптери» сессиясына катышты. Иш-чара БУУнун Азия жана Тынч океан боюнча Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) колдоосу менен Азербайжан Республикасы тарабынан уюштурулган.

Министр К.Сагынбаев англис тилинде баяндама жасап, БУУнун климаттык күн тартибинин отуз жылдан ашуун эволюциясына сереп салды.Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясына кошулгандан бери өлкө эл аралык демилгелерге активдүү катышып жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого багытталган туруктуу өнүктүрүү милдеттерин максаттуу ишке ашырууда

“Кыргызстан үчүн 2030 — жылга чейин Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби-декларациялык документ эмес, иш-аракеттердин практикалык жол картасы. Туруктуу өнүктүрүү максаттары бардык улуттук программаларга киргизилген, ал эми индикаторлор статистикалык отчеттуулукка интеграцияланган”, — деп белгиледи министр.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы Президент С.Н. Жапаровдун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана бул процессте адилеттүү өтүүнү камсыз кылуу багытындагы демилгелерин туруктуу ишке ашырып жатканын белгиледи.

Өз сөзүндө министр К.Л. Сагынбаев Кыргызстан эл аралык коомчулукту «Климат, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларацияга» кошулууга жана тоолор боюнча БУУнун сүйлөшүүлөр тобуна мүчө болууга чакырарын билдирди. Бул, өз кезегинде, дүйнөлүк деңгээлде тоолуу экосистемаларды коргоону биргелешип илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, министр Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылы Бакуда өткөн КОП-29 саммитинде айтылган демилгесин — энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу технологияларын жайылтуу боюнча Регионалдык борбор түзүү сунушун эске салды. Ал ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдүн климаттык каржылоосун 2 триллион АКШ долларына чейин көбөйтүүнүн жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн бул каражаттарга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 «Климаттын өзгөрүшү экосистемага гана эмес, адамдардын жашоосуна жана эмгек ишмердүүлүгүнө да таасир этет. Эмгек министри катары мен баса белгилегим келет: адилеттүү өтүү эмгекчилерди коргоону, жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана социалдык интеграцияны илгерилетүүнү камсыз кылууга тийиш», — деди Канат Сагынбаев.

Министр ошондой эле катышуучуларды социалдык коргоо, калктын аялуу топторун колдоо жана туруктуулук принциптерин Эмгек жана иш менен камсыз кылуу саясатына интеграциялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын жетишкендиктери менен тааныштырды. Ал гендердик теңчилик жана Кыргызстандагы аялдардын ролу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле айлана-чөйрө үчүн жоопкерчиликти адамдык потенциалды өнүктүрүү менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 «Тоолор өлкөсү катары биз түшүнөбүз: ар бир жаңы саммит — бул алдыга ташталган кадам, бизди жакындаткан аракет. Климаттын өзгөрүшүнө, адилеттүүлүккө жана бардык адамдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөргө биргелешип умтулайлы “, — деп жыйынтыктады министр Сагынбаев.

 

Пайдалуу
Ссылкалар