Министр Канат Сагынбаев жана Дүйнөлүк банктын кеңсе жетекчиси Хью Риддел социалдык коргоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду мындан ары ишке ашырууну талкуулашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр К.Л. Сагынбаев менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси  Хью Ридделдин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар социалдык коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана андан аркы багыттарын талкуулашты.

Министр Канат Сагынбаев белгилегендей, Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасындагы социалдык колдоо системасын жакшыртуу жана эмгек рыногун өнүктүрүүгө багытталган реформаларды жана демилгелерди ишке ашырууда негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.
«Биз Дүйнөлүк банктын социалдык коргоону чыңдоого жана калктын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү механизмдерин өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Биздин өнөктөштүк жарандарыбыздын жыргалчылыгына түздөн-түз таасир эткен олуттуу жыйынтыктарды берди», — деп баса белгиледи министр.

Учурда Министрлик Дүйнөлүк банк менен биргеликте «Социалдык жардам жана эмгек рыногун чыңдоо» аттуу долбоорду ишке ашырууда. Анын алкагында «Үй-бүлөгө көмөк» программасынын катышуучуларына  жардам көрсөтүү, «Социалдык контракт» программасын өнүктүрүү, «Жаштардын стажировкалары» пилоттук демилгесин ишке ашыруу, эмгек мигранттарынын реестрин түзүү сыяктуу иштер жүргүзүлүп жатат.
Бул чаралар Министрликтин институционалдык потенциалын чыңдоого жана социалдык саясаттын заманбап инструменттерин киргизүүгө багытталган.

Министр ошондой эле ведомствонун артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи — долбоорлорду ишке ашыруу процессин ылдамдатуу, мекемелер аралык координацияны камсыз кылуу жана социалдык жардамдын даректүүлүгүн жогорулатуу.

Өз кезегинде Хью Риддел Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү оң тенденцияларды белгиледи:
«Кыргызстан укмуштуу мезгилди баштан кечирип жатат. Биз экономиканын тез өсүшүн — жылына болжол менен 9% деңгээлде байкап жатабыз, бул жакырчылык деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди: акыркы жылдары 25%дан 20%га чейин азайды. Социалдык тармак туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоодо негизги ролду ойнойт. Биз үчүн социалдык кызматтардын даректүүлүгү жана сапаты боюнча маселелерди талкуулоо маанилүү», — деди ал.

Ал ошондой эле бул жолугушуунун негизги максаты жаңы каржылоо долбоорлорун даярдоонун акыркы этаптарын талкуулоо экенин кошумчалады. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Социалдык секторду өнүктүрүүнүн жана социалдык кызматтардын даректүүлүгүн чыңдоонун, ошондой эле «Үй-бүлөгө көмөк» программасын өркүндөтүүнүн максаттарын камтыган жалпы стратегияны иштеп чыгат деген үмүттө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы калктын социалдык жактан аяр катмарына колдоо көрсөтүүгө багытталган тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Пайдалуу
Ссылкалар