Жарандарды кабыл алуу күнү өттү

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коомдук кабылдамасында министр Канат Сагынбаев жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуу маалында жарандар министрге реабилитациялык борборлордун курулушу, протездик-ортопедиялык буюмдардын сапаты, майыптуулугу бар адамдар үчүн шарттарды жана инклюзияны жакшыртуу, жөлөк пулдар, ошондой эле эмгек миграциясына байланышкан суроолор менен кайрылышты.
Министр ар бир кайрылууну укту. Жолугушуунун жыйынтыгында Канат Сагынбаев тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө көтөрүлгөн маселелерди терең изилдеп, зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Министрлик жарандар менен ачык диалогду улантып, актуалдуу көйгөйлөрдү ыкчам чечүү багытында ишин улантат.
Пайдалуу
Ссылкалар