Эмгек министрлиги: Эки жылда чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге 350дөн ашык «Мекен-карт» берилди

 

2023-жылдын 13-мартынан тарта Кыргызстанда КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» МИ менен биргеликте иштелип чыккан «Мекен-карт» автоматташтырылган системасы аркылуу чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган. Ишке киргизилгенден тартып 2025-жылдын 31-августуна чейин жалпысынан 403 өтүнмө кабыл алынып, анын ичинен 358и жактырылып, 9 четке кагылган. 2025-жылдын башынан 30-сентябрына чейин 93 өтүнмө кабыл алынып, анын ичинен 121и жактырылган. Тапшырылган жана берилген карталардын саны боюнча Россия (64 тапшырылган/90 берилген), Түркмөнстан (9 тапшырылган/10 берилген) жана Германия (5 тапшырылган/10 берилген). Ошондой эле «Мекен-картты» Австрия, Беларусь, Түркия, Иордания, АКШ, Украина, Италия, Корея жана Нидерландынын жарандары алышкан. «Мекен-карт» 10 жылга жарактуу. Өтүнмөнү кароо мөөнөтү жалпы тартипте 3 айды, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте 1,5 айды түзөт. Мекендештер үчүн КР жарандыгынан чыгуу жарым жылдан ашпайт. КР жарандыгында мурда турган чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери, чек аралаш өлкөлөрдүн жарандарынан тышкары, «Мекен-картты» алууга укуктуу. Өтүнмөнү Кыргызстандын аймагында аймактык бөлүмдөрдө же КТБда, ал эми өлкө чегинен тышкары КР чет өлкөдөгү мекемелеринде берүүгө болот.

«Мекен-карттын» ээлери бир катар жеңилдиктерге жана укуктарга ээ болушат: Кыргызстандын аймагына визасыз кирүү жана болуу, жашоого уруксатсыз туруктуу жашоо, КР жарандары менен бирдей шарттарда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында акы төлөнүүчү кызматтарды төлөөдө бирдей шарттар, ошондой эле айыл чарба жерлерин 10 жыл ичинде ажыратуу укугу. Чек арадан өткөн учурдан тартып 90 жумушчу күндүн ичинде турган жери боюнча каттоодон өтүүгө болот.

“Мекен-картаны” ишке киргизүү чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышты бекемдеп, алардын Кыргызстанда  иштөөсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

———————–

Пайдалуу
Ссылкалар