Эмгек министри «Балдар сүйлөйт – 2025» жолугушуусуна катышып, балдардын сунуштарын укту

 

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында Президенттик администрациянын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн секретариаты ЮНИСЕФ менен биргеликте «Балдар сүйлөйт – 2025» демилгесинин алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев катышты.

Демилгенин негизги максаты — балдар өздөрүнүн жашоосуна жана коопсуздугуна тиешелүү маселелер боюнча оюн эркин билдире турган, ал эми мамлекеттик органдар алардын сунуштарын угуп, мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда эске ала турган ачык аянтча түзүү болуп саналат.

Министр Канат Сагынбаев балдар тарабынан айтылган суроолорду жана сунуштарды кунт коюп укту. Айрыкча, майыптуулугу бар балдар үчүн кызматтарга жеткиликтүүлүк боюнча маселелер козголду.

Жолугушуу жылуу жана ишенимдүү атмосферада өттү. Балдар өздөрүнүн идеялары жана түйшүктөрү менен бөлүшүп, өз жыргалчылыгы үчүн маанилүү деп эсептеген темаларды көтөрүштү.

Пайдалуу
Ссылкалар