КР Эмгек министри Улуу Британиянын Элчиси менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаевдин Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эл аралык эмгек мобилдүүлүгү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Министр К. Сагынбаев кесиптик байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Элчи Боулер британ тараптын мындан аркы конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирди.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоо ниеттерин тастыкташты.















