Эмгек Министрлиги ООНдун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Ош шаарында тренинг өткөрдү

 

2025-жылдын 18-ноябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен медико-социалдык эксперттик комиссиялардын дарыгер-эксперттери, саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагындагы түзүмдөрдүн адистери үчүн тренинг өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги №185 «Кыргыз Республикасында медико-социалдык экспертиза жөнүндө» токтомуна ылайык, жазасын өтөп жаткан соттолгондорду медико-социалдык экспертизага жөнөтүү тартиби каралган.
Белгиленген токтомду ишке ашыруу максатында Министрлик тиешелүү буйруктарды кабыл алып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргелешкен буйрук да бекитилген.

Иш-чаранын негизги максаты – эркинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан соттолгон адамдарга карата медико-социалдык экспертизанын алкагында мекемелер аралык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча адистердин билимин жана квалификациясын жогорулатуу.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар соттолгон адамдарга карата медико-социалдык экспертизанын тартибин жөнгө салган укуктук-ченемдик база менен таанышып, аны жазаларды аткаруу мекемелеринде колдонуу боюнча практикалык маселелерди талкуулашты.
Окутуунун жыйынтыгын баалоо үчүн тест тапшырмалары жүргүзүлүп, алар катышуучулардын билим динамикасын аныктоого жана мындан аркы кесиптик өнүгүүнүн багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берди.

Тренингдин өткөрүлүшү медико-социалдык эксперттик кызмат, саламаттык сактоо мекемелери жана жазаларды аткаруу тутуму ортосундагы кызматташтык механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле медико-социалдык экспертиза процедураларынын сапатын жана ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшөт.

 

Пайдалуу
Ссылкалар