Эмгек министри К.Л. Сагынбаев: «Германияда жарандарыбызды ишке орноштуруу – үй-бүлөлөрүнүн кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк»

 

27-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Федеративдүү Германия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Германиянын Социалдык иштер министрлигинин жана Экономика министрлигинин Мамлекеттик катчылары менен жолугушууларды өткөрдү. Расмий жолугушуунун жүрүшүндө министр эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн маанисин белгиледи.

Ал кызматташуунун үч негизги багытын белгиледи. Биринчи багыт — кыргызстандык жарандарды Германияда ишке орноштуруу:«2023-жылдан 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде өлкөбүздөн 6 710 студент Германияда эмгектик даярдыктан өтүштү. Бул санды кыйла көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп турабыз. Бул Кыргызстанда калган үй-бүлөлөрдүн кирешесин жогорулатууга шарт түзөт».

Министр адистерди алдын ала даярдоо борборун түзүү пландары тууралуу билдирди. Ага немис тилине окутуу, кесип тандоо, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы боюнча мамлекеттик жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ролу кирет.

«Бул виза жана уруксаттарды ылдамыраак иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ал.

Экинчи багыт — миграция жана реадмиссия тармагындагы кызматташтык:

«Биз реадмиссия боюнча өзүнчө келишим түзүүнү сунуштайбыз. Бул тараптардын компетенцияларын так бөлүүгө, макулдашуу процессин тездетүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт».

Үчүнчү багыт — калктын аярлуу катмарларын колдоо боюнча тажрыйба алмашуу. Министр Ottobock компаниясы менен кызматташуу тууралуу эске салды:

“Биз протездик-ортопедиялык жардамды өнүктүрүүгө олуттуу маани беребиз. 2026-жылы өнөктөштүктү кеңейтүүнү пландаштырып жатабыз: компоненттерди сатып алуу, адистерди окутуу жана методикалык колдоо көрсөтүү”.

«Бул багыттар практикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө болгон жалпы кызыкчылыгыбызды чагылдырат. Биз социалдык саясат, жумушка орноштуруу жана миграция маселелери боюнча жумушчу топ түзүүгө жана биргелешип иштөөгө ачыкпыз», — деп жыйынтыктады министр.

Пайдалуу
Ссылкалар