Ар айлык социалдык жөлөкпул: кимдер ала алат жана канча суммада?
Кыргызстанда ушул жылдын 1-ноябрына карата 108,4 миң адам ар айлык социалдык жөлөкпул алат. Жөлөкпул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 0,2 % азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ар айлык социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет. Алар: 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар, ата-энесинин биринен ажыраган балдар, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдар, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жалпы оорудан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, баатыр энелер, улгайган жарандар.
Ар айлык социалдык жөлөкпул категориясына ылайык, 2000 сомдон 8000 сомго чейинки өлчөмдө дайындалат.
Учурда республика боюнча ар айлык социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 6 344,7 сом. 2025-жылдын 1-ноябрына карата ар айлык социалдык жөлөкпулду төлөөгө 7,2 миллион сом жумшалды.
“Белгиленген мыйзамга ылайык, эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет”, – деп билдирет министрлик.














