Эмгек министрлиги 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат Концепциясынын биринчи этабын ишке киргизүүдө

2025-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат Концепциясынын биринчи этабынын (2026–2030-жылдар) Иш-чаралар планынын долбоорун талкуулоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле БУУнун Калктын саны боюнча фондун (ЮНФПА) кошкондо өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов жыйынды ачып жатып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Демографиялык саясат — бул жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган чаралардын жыйындысы.

Демографиялык саясаттын негизги максаттары — калкты сактоо жана көбөйтүү, төрөлүүнү колдоо, орточо өмүр узактыгын 79 жашка жеткирүү, эмгекке жарамдуу калк арасындагы өлүмдү азайтуу, үй-бүлө институтун жана жарандык аң-сезимди бекемдөө, ошондой эле өлкө ичинде татыктуу жумуш орундарын түзүү.

Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу өлкөнүн келечегине жана социалдык-экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет».
Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:
• 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат Концепциясынын серепчеси;
• Демографиялык туруктуулук жана демографиялык дивиденд;
• Босния жана Герцеговинанын гендердик жооптуу үй-бүлө саясатын ишке ашыруу тажрыйбасы;
• Биринчи этаптын Иш-чаралар планынын долбоору.
Презентациялардан кийин катышуучулар каржылоо булактарын жана бардык кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алуу менен План долбоорун талкуулоо үчүн чакан топторго бөлүндү. Талкуулардын жыйынтыгы документти бекитүүгө даярдоодо негиз катары колдонулат.
Иш-чара жыйынтыкталып, 2026–2030-жылдарга карата Концепциянын биринчи этабын ишке ашырууну камтыган мындан аркы аракеттер планы макулдашылды.

Пайдалуу
Ссылкалар