Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата Эмгек министрлиги «Коом баары үчүн» форумун өткөрдү

 

3-декабрда Бишкекте майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү. Ага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев, жарандык коомдун, майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр катышып, инклюзия жана теңчилик принциптерине өздөрүнүн бекем туруктуулугун билдиришти.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев:
«Коомдун социалдык жетилгендиги жана жарандык жоопкерчиликтин деңгээли, биринчи кезекте, өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга болгон мамиледен көрүнөт. Бул күн алардын укуктарын коргоо, коомдук, саясий, экономикалык жана маданий жашоого катышуусун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертип турат. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө КРнын Мыйзамынын кабыл алынышы, ошондой эле Эмгек кодексинин жаңыланышы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мамлекеттик кепилдиктерди кеңейтип, өзгөчө муктаждыгы бар жарандарыбыздын жашоо жана эмгек шарттарын жакшыртууда. Майып адамдар бүт дүйнөдө кайраттуулук, туруктуулук жана максатка умтулуу менен үлгү көрсөтүп, инклюзивдүү жана адилеттүү коом курууга шыктандырат».

Коммерциялык эмес уюмдардан майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков :
«Бүгүнкү диалог — бул сөздөн ишке өтүү: саясаттын өлкө боюнча майып адамдар үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөргө жана татыктуу жашоого айланышын камсыздоо».

«Коом баары үчүн» форуму майыптыгы бар адамдардын талкууга активдүү катышуусун камсыз кылды. Алар өздөрүнүн жеке тажрыйбалары, максаттары жана инклюзивдүү коом куруу боюнча сунуштары менен бөлүшүштү. Катышуучулардын туруктуулук жана инновация тууралуу баяндамалары инклюзиянын милдет эмес, укук жана адилеттүүлүк экенин дагы бир ирет далилдеди.

Форумдун негизги милдеттерине майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашыруудагы прогрессти жана көйгөйлөрдү талдоо, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, майыптыгы бар аялдар менен кыздардын коопсуздугун камсыздоо жана укуктарын коргоо кирди. Өзгөчө кырдаалдарда сот адилеттигине жетүү жана коопсуздук, инклюзивдик спортту жана аймактык демилгелерди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Форумда ошондой эле майыптыгы бар ишкерлердин продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, алардын жергиликтүү экономикага кошкон салымы жана жеке ишкердиктин маанилүүлүгү баса белгиленди.

Иш-чаранын алкагында социалдык тармактын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Эмгек министрлигинин сыйлыктары тапшырылды. Форум жыйынтыгында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана майып адамдардын уюмдарынын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Форум ОБСЕ, FSDS жана майыптык маселелери боюнча Глобалдык фонд тарабынан каржыланган ПРООН, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА тарабынан ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоордун колдоосу менен өткөрүлдү. Бул Кыргызстанды инклюзивдүү коом курууга багытталган дүйнөлүк аракеттерге жана «эч ким артта калбашы керек» принциптерине шайкеш келген милдеттенмесин дагы бир жолу тастыктады.

Пайдалуу
Ссылкалар