Кыргызстан Борбор Азияда аялдар менен кыздардын адилеттикке жетүүсү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты
10-декабрь 2025-жыл, Ташкент шаары, Өзбекстан
Кыргыз Республикасы аялдар менен кыздардын адилеттикке жетүүсүнө байланышкан маселелерге арналган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты. Иш-чараны БУУ-Аялдар түзүмү жана Өзбекстан Республикасынын Сенаты уюштуруп, ал аймактагы беш өлкөнүн өкүлдөрүн укуктук реформаларды, гендердик теңчилик маселелерин жана адилеттикке тең жетүүнү камсыздаган институттарды чыңдоону талкуулоо үчүн бириктирди.
Кыргызстандан жыйынга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева жетектеген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык делегация менен сунушталды. Делегациянын курамына Акыйкатчы институтунун, юстиция министрлигинин, прокуратура органдарынын, сот системасынын, БУУнун жаштар түзүмдөрүнүн жана аялдардын укуктарын коргоо жана аярлуу топторду колдоо багытында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирди.
Кыргыз делегациясы пленардык жана панелдик талкууларга катышып, аялдардын адилеттикке жетүүсүн камсыздоо боюнча улуттук чараларды, укуктук реформаларды илгерилетүү аракеттерин, зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди жана алсыз топтор менен иштеген институттарды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан иштерди сунуштады.
Жолугушуунун алкагында талкууланган негизги маселелер:
– аялдар жана кыздар адилеттикке кайрылууда туш болгон структуралык тоскоолдуктарды жоюу;
– гендердик тең укуктуулукту камсыздоого багытталган мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– сот жана укук коргоо институттарын чыңдоо;
– БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын (CSW70) 70-сессиясына сунушталуучу аймактык Биргелешкен билдирүүнү иштеп чыгуу.
Жолугушуунун соңунда Борбор Азия өлкөлөрү гендердик сезимтал укуктук системаны өнүктүрүү, аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо механизмдерин бекемдөө жана алардын адилеттикке натыйжалуу жетүүсүн камсыз кылуу боюнча мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экенин тастыкташты.
Өлкөлөр аймактагы аялдардын укуктарын илгерилетүү, институттарды өркүндөтүү жана заманбап чакырыктарга жооп берген биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууда кызматташууну улантууга тилектештигин билдиришти.















