Кыргыз Республикасында чет элдик жарандар үчүн “Санарип көчмөн” (Digital Nomad) статусун алуу үчүн электрондук платформа ишке киргизилди.
Кыргыз Республикасында чет элдик жарандар үчүн “Санарип көчмөн” (Digital Nomad) статусун алуу үчүн электрондук платформа ишке киргизилди. Онлайн-сервис http://dnomad.e-gov.kg платформасында жеткиликтүү.
Эскерте кетсек, чет элдик жаран алгач электрондук платформада жеке кабинетин активдештирүү үчүн арыз берет. Жеке кабинети активдештирилгенден кийин гана чет элдик адис “Санарип көчмөн” статусун алуу үчүн арыз толтурууга мүмкүнчүлүк алат.
Ошондой эле өтүнмөнү тапшыруу бардык керектүү документтердин толук пакети болгон учурда гана жүргүзүлөрү баса белгиленет.
“Санарип көчмөн” статусу чет элдик жарандарга Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жашап, кесиптик ишмердүүлүгүн аралыктан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Биринчи этапта статус 60 күнгө берилет. Экинчи баскычта статустун мөөнөтү жыл сайын 10 жылга чейин узартылышы мүмкүн болгон 1 жылга узартылат.
“Санарип көчмөн” статусун алуу Статусту алуу чет өлкөлүк жарандын төмөнкү документтерди тиркөө менен электрондук арыз берүүсүн карайт:
1) чет мамлекеттин жаранынын паспорту, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген жана ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген үлгүлөргө ылайык келет;
2) адамдын бетинин санариптик сүрөтү:
– сүрөт так болушу керек, сүрөткө түшүүчү адамдын бети жана ийиндери фотоаппараттын объективине карай фронталдык абалда болот. Башты каалаган багытта фронталдык абалдан 5 градуска чейин бурууга жол берилет;
– адамдын бетинин көрүнүшү нейтралдуу болушу керек, каштар нейтралдуу абалда болушу керек, көзү фотоаппараттын объективине түз багытталышы керек. Сүрөткө тартуу бетти жаппаган жана башка тыгыз оролгон аялдардын жоолугун кошпогондо, баш кийимсиз жүргүзүлөт;
– эгерде арыз ээси оптикалык көз айнек менен сүрөткө түшкөн учурда, көз айнектин алкагы көзүн жаппашы керек, ал эми көз айнек жаркырабашы керек. Көрүүсү бузулган адамдарды күңүрт линзалуу көз айнек менен сүрөткө тартууга жол берилет;
3) акыркы эки жылда түзүлгөн эмгек келишими, кардарлар менен кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим жана/же алдыдагы мезгилге жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө келишим;
4) кирешелер жөнүндө көчүрмө (арыз берилген күндөн мурунку дата менен бир жылда 5000 (беш миң) АКШ долларынан кем эмес суммада контракттар боюнча аткарылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн кирешелер жөнүндө банктан көчүрмө).
5) эсепте 3000 (үч миң) АКШ долларынан кем эмес каражат бар экендигин ырастаган банктан маалымкат.
6) бир тармактагы кесиптик ишмердүүлүгүн тастыктаган документ (диплом, кесиптик квалификация жөнүндө күбөлүк, курстарды же тренингдерди аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар, сунуштама каттар).
Статусту 1 (бир) жылга чейинки мөөнөткө узартуу үчүн арыз ээси “Санариптик көчмөн” статусу активдештирилген учурдан тартып 60 күндүн ичинде онлайн-портал аркылуу төмөнкү документтерди берет:
1) жогоруда көрсөтүлгөн документтер;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө боюнча борбор тарабынан берилүүчү ИЖВге антителолорго изилдөө жөнүндө медициналык корутунду, ошондой эле врачтык кесиптик-консультациялык кароодон өткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү медициналык маалымкат;
3) “Санариптик көчмөн” статусун ыйгаруу жөнүндө мурда берилген электрондук документ, ошондой эле визалык өлкөлөр үчүн – колдонуудагы “Санариптик көчмөн” визасы (“DN” тиби);
4) ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдүн биринде кесиптик иштен түшкөн кирешелерди ырастоочу документтер (мисалы, кирешелер жөнүндө көчүрмө, бирдиктүү салык декларациясы, эмгек келишими);
5) жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүк жана (же) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо жөнүндө көчүрмө.
Электрондук платформа процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү пландаштырган чет элдик адистер үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.














