Кыргызстан майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүүлүктү күчөтүүдө
2025-жылдын 15-декабры Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңеш Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана инклюзиясын илгерилетүүгө багытталган БУУнун Майыптык маселелери боюнча Глобалдык фондунун (UNGDF) эки жылдык долбоорунун жыйынтыктарын тааныштырышты.
Долбоор майыптык жаатындагы улуттук саясатты чыңдоого, эрте кийлигишүү кызматтарын жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө, статистикалык маалыматтарды кеңейтүүгө, Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин жана тиешелүү уюмдардын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына шайкеш келтирүүгө өбөлгө түздү.
Долбоордун Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары А.Дж. Орозбаева 2025-жылы «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы жаңыланган мыйзамы кабыл алынганын белгиледи. Аталган мыйзам майыптыгы бар адамдарды коргоо жана колдоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди, ошондой эле алардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды бекитет. Мыйзам мамлекеттик органдардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен иштелип чыгып, инклюзивдүү жана өнөктөштүк ыкманы камсыз кылды.
Айрыкча жумуш менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 2025-жылы кабыл алынган жаңы Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлеринин саны 25тен кем эмес болгон уюмдарда майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын кеминде 4 пайыз өлчөмүндө квоталоо каралган. 2024–2025-жылдары иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 562 майыптыгы бар адам жумушка орноштурулуп, 300дөн ашууну кыска мөөнөттүү кесиптик окутууга жиберилди.
Долбоордун жыйынтыктары инклюзивдүү системаларды жана кызматтарды мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзүп, майыптыгы бар адамдардын өлкөнүн социалдык, экономикалык жана коомдук турмушуна толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.















