Которуулардан инвестицияларга: Улуттук банк жана Эмгек министрлиги мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окуу колдонмосун тааныштырышты
2025-жылдын 18-декабры, Эл аралык мигранттар күнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Эл аралык миграция уюму (МОМ) менен биргеликте эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгени сунушташты. Иш-чаранын негизги өзөгү чет өлкөлөргө иштегени чыгып жаткан жарандар үчүн иштелип чыккан каржылык сабаттуулук боюнча адистештирилген модулдардын бет ачары болду.
Эл аралык миграция уюмунун изилдөөлөрүнүн маалыматына ылайык, акча которуулар мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн 41 пайызы үчүн негизги киреше булагы болуп саналат. Оор эмгек менен табылган каражаттар күнүмдүк керектөөнү гана камсыздабастан, мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн келечектеги каржылык жыргалчылыгы үчүн иштеши абдан маанилүү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү белгилегендей, калктын каржылык маданиятын жогорулатуу — Улуттук банктын стратегиялык милдеттеринин бири. Жаңы модуль жарандарды акча которууларда банктык каналдарды коопсуз пайдаланууга гана эмес, депозиттер жана сактык эсептери «коопсуздук жаздыгын» түзүүгө үйрөтөт, бул болсо түздөн-түз каржылык туруктуулукка таасир этет.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде миграция тууралуу чечим таразаланган болушу керектигин баса белгилешет: адам бардык артыкчылыктарын жана кемчиликтерин алдын ала баалап, бул маселени үй-бүлөсү менен талкуулап, Кыргызстанда калып иштөө же өлкө тышына чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы маанилүү.
Мындан тышкары, Миграция саясатынын концепциясынын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграциялык агымдын кыскаруусуна жана мигранттар, мекендештер жана алардын жамааттары өлкөнүн жана региондордун өнүгүшүнө салым кошо ала турган шарттарды түзүүгө умтулат. Бул чаралар миграциянын өмүр бою мажбурланган зарылчылыкка айланып кетпешине багытталган.
Каржылык сабаттуулук боюнча модулдар төмөнкүлөргө жардам берет:
- чыгып кетүүгө кетчү чыныгы чыгымдарды эсептеп, сапарга чыга электе эле карызга батпоого;
- каражат топтоо үчүн ишенимдүү каржылык инструменттерди тандоого;
- топтолгон капиталды Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачууга багыттоого.
Презентациянын катышуучулары каржылык сабаттуулук ийгиликтүү реинтеграциянын ачкычы экендиги боюнча бир пикирге келишти.
«Пландоо жана үнөмдөө боюнча эң минималдуу көндүмдөрдүн өзү эмгек мигранттарына максаттарына тезирээк жетүүгө жардам берет. Андан тышкары, топтолгон каражаттарды мекенине кайткандан кийин бизнес ачууга багыттаса, адам өз өлкөсүндө жашап, иштеп, үй-бүлөсү жана балдары менен бирге боло алат», — деп белгиленет презентациянын катышуучуларынын биргелешкен билдирүүсүндө.
Демилге Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) тарабынан каржыланган «Эмгек миграциясы программасы — Борбордук Азия» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Улуттук банк жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги материалдарга Finsabat.kg веб-сайты аркылуу жеткиликтүүлүктү камсыздоону, ошондой эле модулдардын материалдарын республика боюнча бардык аймактарда өткөрүлүүчү кетээр алдындагы даярдык программаларына жана маалыматтык кампанияларга интеграциялоону пландаштырууда.














