Кыргызстандыктардын миграциясы: Россия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелери, «кара тизме» жана эмгек күчүн легалдаштыруу чаралары
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт брифингде Кыргызстан жарандарын чет өлкөлөргө миграциялоонун учурдагы абалы жана алардын укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдады.
2025-жылдын декабрь айына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россия Федерациясында — болжол менен 341 094 адам, бул жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 37 миңге аз. Ошол эле учурда АКШда (60 миң), Кореяда (12 миң), Германияда (15 миң) жана Бириккен Араб Эмираттарында (6 миң). Чет өлкөгө чыгуунун негизги максаттары болуп билим алуу, эмгек ишмердүүлүгү, туризм, бизнес жана медициналык кызматтарды алуу саналат.
Брифингде белгиленгендей, 2025-жылдын ноябрь айына карата Россияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмеге» Кыргыз Республикасынын 91 566 жараны киргизилген. Россия Федерациясынын жаңы федералдык мыйзамдары эмгек же окуу келишими жок чет өлкөлүк жарандардын 90 күндөн ашык болуусуна чектөө киргизет. Контролдук чаралардын катарына каттоого турууга тыюу салуу, мүлктү жана банктык кызматтарды пайдаланууга чектөөлөр, ошондой эле РФ ИИМинин чакыруусу боюнча милдеттүү түрдө келүү талаптары кирет.
Легалдуу миграцияны колдоо максатында 2025-жылы «Бирдиктүү уруксат» пилоттук долбоорунун алкагында 47 686 чет өлкөлүк адиске 60 күндүк, ал эми 35 088 адиске 360 күндүк уруксат берилди. Бул чаралар чет өлкөлүк жумушчу күчүн легалдаштырууга көмөктөшүп, республикалык бюджетке каражаттардын түшүшүн камсыз кылат.
Министрлик Россия Федерациясында жүргөн кыргыз жарандарын социалдык тармактар, WhatsApp/Telegram мессенджерлери жана «ишеним телефондору» аркылуу активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 2025-жылдын ноябрь айында гана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери миграция жана мыйзамдар боюнча 29 915 жаранга консультация беришкен.
Ошондой эле министрдин орун басары мыйзамсыз ишке орношууга каршы күрөш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Мигранттардын негизги көйгөйлөрү — жазуу жүзүндөгү эмгек келишимдеринин жоктугу, мыйзамсыз ишке орноштуруу схемалары, паспорттордун алынуусу, турак жайдын жана социалдык кепилдиктердин жоктугу.














