Эмгек министрлигинде өрт коопсуздугу боюнча окуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өрт коопсуздугу боюнча пландуу окутуу семинары өткөрүлдү. Бул иш-чара кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатуу жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо максатында уюштурулду.
Окутуу семинарын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Окуу-изилдөө борбору тарабынан өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө борбордун адистери өрт коопсуздугунун негизги эрежелерин, өрт чыккан учурдагы аракеттердин тартибин жана кызматкерлерди эвакуациялоо чаралары боюнча кеңири берилди.
Буга чейин Министрликте өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү буйрук чыгарылып, ага ылайык имараттын ар бир кабатында өрт коопсуздугу үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалган. Ар бир кабатка 3–4төн жооптуу кызматкер бекитилип, алар өзгөчө кырдаал жаралган учурда кызматкерлердин аракеттерин координациялашат.
Мындай окуу иш-чараларын өткөрүү кызматкерлердин коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, эмгекти коргоо жана адамдардын өмүрү менен ден соолугун сактоо маселелерине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Министрлик мындан ары да тиешелүү кызматтар менен биргеликте мындай окутуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүп турууну пландаштырууда.
Пайдалуу
Ссылкалар