Эмгек министрлиги: 2025-жылдын 1-декабрына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын калкынын саны 2025-жылдын 1-октябрына карата 7,374 млн адамды түздү.

Өлкөнүн эмгек ресурстары 2,861 млн адамды түзүп, алардын ичинен 2,756 млн адам жумуш менен камсыз болгон, ал эми 104,7 миң адам жумушсуз. Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7%га жетти.

2025-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча расмий катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 58 565 жумушсуз жаран каттоодо турган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,5%га аз. Расмий катталган жумушсуздардын саны 39 841 адамды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га кыскарган.

Катталган жумушсуздардын билими боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • жогорку билим — 2 586 (аялдар — 1 683)
  • орто кесиптик билим — 2 447 (аялдар — 1 496)
  • башталгыч кесиптик билим — 1 450 (аялдар — 621)
  • жалпы башталгыч билим (1–4-класстар) — 501 (аялдар — 216)
  • негизги жалпы билим (5–9-класстар) — 9 435 (аялдар — 4 205)
  • орто жалпы билим (10–11-класстар) — 23 422 (аялдар — 10 244)
  • башталгыч билими жок — 7 (аялдар — 0)

Министрлик иш менен камсыз кылуу кызматы жарандарды жумушка орноштурууга жана кесиптик квалификациясын жогорулатууга шарттарды түзүү багытында иштерди улантып жатканын белгилейт.

Пайдалуу
Ссылкалар