Эмгек министрлигинде гендер жана инклюзия маселелери боюнча жолугушуу болду

2026-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары А.Дж. Орозбаева Улуу Британиянын Тышкы иштер, Улуттар Шериктештиги жана өнүгүү министрлигинин гендер жана инклюзия маселелери боюнча кеңешчиси Люси Макдермотт айым менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар гендердик теңчилик жана инклюзия маселелерине өзгөчө көңүл буруп, алардын коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоо жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүү механизмдери, натыйжалуу демилгелерди ишке ашырууда тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары А. Орозбаева аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, басмырлоодон коргоо механизмдерин бекемдөөгө жана экономикалык, социалдык жана саясий турмушка тең катышуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мыйзамдык жана институционалдык реформалар тууралуу белгилеп өттү.

Тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

люзия жана аярлуу катмарларды коргоо багыттарындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Пайдалуу
Ссылкалар